Mandriva Linux Орнотуу Көрсөтмөлөрү - Mandriva Linux 2007 Талап кылынуучу курулуш * Pentium же ага шайкеш процессор * CDROM уясы * Кеминде 32 MB оперативдик эс, адатта 64 MB сунушталат Mandriva Linuxту орнотууну баштоо үчүн көпчүлүк учурда Орнотуучу компакт-дискти CDROM уясына салып, машинеңизди кайра жүргүзүү гана жетиштүү болот. 1-ыкманы караңыз. ЭСКЕРТҮҮ: * Эгер Mandriva Linuxтун 7.x, 8.x же 9.x чыгарылыштарын жаңылап жатсаңыз, системаңыздын көчүрмөсүн тобокелден алыс сактап коюңуз. * Өтө эски чыгарылыштарды (7.0гө чейинки) жаңылоо МҮМКҮН ЭМЕС. Мындай учурда системаңызды жаңылоо эмес, актайынан орнотуу зарыл. ============================================================================ Төмөндө Mandriva Linuxту орнотуунун түрдүү ыкмалары келтирилген: 1. Тикеден компакт-дискетен жүктөө 2. Windowsто жүктөөчү ийилчээк дискин даярдоо 3. Орнотуунун башка ыкмалары ============================================================================ 1. Тикеден компакт-дискетен жүктөө Орнотуучу CDROM жүктөтүүчү. Адатта компакт-дискти уясына салып эле машинени кайра жүктөө жетиштүү. Экранда пайда болгон көрсөтмөлөргө баш ийиңиз: орнотууну баштоо үчүн [Enter] баскычын басыңыз, же кошумча көрсөтмөлөрдү алуу үчүн [F1] баскычын басыңыз. ЭСКЕРТҮҮ: Кээ бир тизе (портативдик)компүтерлеринде система компакт-дисктен жүктөлбөшү мүмкүн. Бул учурда жүктөөчү ийилчээк дискти даярдооңуз зарыл болот. Толук маалымат үчүн 2-ыкманы караңыз. ============================================================================ 2. Windowsто жүктөөчү ийилчээк дискин даярдоо Эгер компүтериңиз компакт-дисктен жүктөлбөсө, анда төмөнкү ыкма менен Windowsто жүктөөчү ийилчээк дискти даярдашыңыз керек: * компакт-дискти салып, "Менин компүтерим" бнлгисин ачыңыз, компакт-диск уясынын белгисине оң-чертип "Ачуу" сабын тандаңыз * "dosutils" каталогуна кыдырып кирип, "rawwritewin" белгисин кош-чертиңиз * бош ийилчээк дискти диск уясына салыңыз * "Image File" калыбында "D:\images\cdrom.img" катарын тандаңыз (адатта компакт-диск уясы "D:" деп болжонот, андай эмес болсо, "D:" тамгасын тиешелүүсүнө алмаштырыңыз) * "Floppy Drive" калыбында "A:" деп тандаган соң, "Write"ни чертиңиз. Орнотууну баштоо үчүн: * компакт-дискти, ошондой эле жүктөөчү ийилчээк дискти уясына салып, андан соң * компүтерди кайра жүргүзүңүз ============================================================================ 3. Орнотуунун башка ыкмалары Кандайдыр бир себептерден улам жогорудагы ыкмалар Сизди канааттандырбаса (орнотууну желеден аткаргыңыз келсе, pcmcia түзүлүшү аркылуу же ...), бул учурда да жүктөө ийилчээк дискин жасашыңыз зарыл: * Linux (же башка заманбап UNIX системасынын) консолуна кийириңиз: $ dd if=xxxxx.img of=/dev/fd0 * Windows системасында 2-ыкмада келтирилген кадамдарды жасаңыз, бирок cdrom.img ордуна xxxxx.img (муну төмөндөн караңыз) колдонуңуз. * DOS системасында, компакт-диск D: деп шартталса, кийириңиз: D:\> dosutils\rawrite.exe -f install\images\xxxxx.img -d A Бул жерде жүктөө элестеринин тизмеси берилген: +-----------------+------------------------------------------------------+ | cdrom.img | компакт-дисктен орнотуу | +-----------------+------------------------------------------------------+ | hd_grub.img | таш-дисктен орнотуу (Linux, Windows же ReiserFS | | | файл системасынан) | | | Сиз буларды системаңыз үчүн күүлөй аласыз: | | | http://qa.mandriva.com/hd_grub.cgi | +-----------------+------------------------------------------------------+ | network.img | ftp/nfs/httpден орнотуу | | | ЭСКЕРТҮҮ: талап кылган учурда network_drivers.img-ти | | | ийилчээк диск уясына салышыңыз керек | +-----------------+------------------------------------------------------+ | pcmcia.img | pcmcia түзүлүштөрүнөн орнотуу (көңүл буруңуз, учурда | | | көпчүлүк pcmcia желе ыктагычтары тикеден эле | | | network.img аркылуу колдолот) | +-----------------+------------------------------------------------------+ boot.iso -ти компакт-дискке көчүрүп туруп, андан жүктөсөңүз да болот. Бул учурда орнотуунун бардык ыкмалары колдолот: компакт-дисктен, желеден жана таш-дисктен. ============================================================================ Адаттагыдай графикалык орнотуу бир себептерден улам көйгөй туудурса, анда текст түрүндөгү орнотууну колдонсоңуз болот. Ал үчүн Mandriva Linux саламдашуу терезеси ачылган учурда, [F1] баскычын басып, калыпка text деп кийириңиз. Эгерде мурунку Mandriva Linux системаңызды сактап коюу зарыл болсо, Орнотуучу компакт- (же тиешелүү жүктөөчү ийилчээк) дискиңизди салып, Mandriva Linux саламдашуу терезеси ачылган учурда [F1]-ди басып, калыпка rescue деп кийириңиз. Кошумча техникалык көрсөтмөлөрдү алуу үчүн муну караңыз: http://www.mandrivalinux.com/drakx/README ============================================================================ Төмөндө орнотуунун негизги кадамдары келтирилген: 1. Орнотуучу CDROMуңузду (же зарылчылык болсо Оронотуу ийилчээк дискин) уясына салып, машинени кайра жүргүзүңүз. 2. Mandriva Linux саламдашуу терезеси чыккан соң, [Enter] баскычын басып, көрсөтмөлөрдү кунт менен аткарыңыз. 3. Орнотуу аяктагандан соң, CD-ROM чыгарылып салынганда, аны (ийилчэк диск салынган болсо, аны да)уясынан алып салыңыз; машинаңыз кайра жүргүзүлөт. Андай болбосо, өзүңүз кайра жүргүзүңүз. 4. Mandriva Linux жүрүш алат. Жүктөлгөндөн кийин өзүңүздүн машинеңизге орнотуу учурунда түзгөн катталуу аты астында, же "root" катталуу аты астында кире аласыз. Зарыл эскертүү: Берилген "root" катталуу аты Сизге Linux системаңызда өзгөчө чектөөсүз укуктарды берет. Аны Linux системаңызды күүлөө же жөнгө салуу үчүн гана пайдаланыңыз. Күнүмдүк иштерди аткаруу үчүн жөнөкөй катталуу атын пайдаланыңыз, андайды Сиз "userdrake" жарагы же "adduser" жана "passwd" буйруктарынын жардамы менен түзө аласыз. Mandriva Linux менен ийгилик коштосун! ============================================================================ Кошумча колдоо алуу үчүн төмөнкүлөргө кайрылыңыз: * E-Support (колдоо) - http://www.mandrivaexpert.com/ * Mandriva Linux Errata (түзөтүүлөр) - http://www.mandrivalinux.com/en/errata.php3 * Mandriva Linux Коопсуздук боюнча Кеңеш берүүсү - http://www.mandriva.com/security/advisories/ * Онлайн документ топтомдору - http://www.mandrivalinux.com/en/fdoc.php3 * Mandriva Club-дун Онлайн талкууларын окуңуз жана катышыңыз - http://club.mandriva.com * Кат Таратуу Кызматына жазылыңыз - http://www.mandrivalinux.com/en/flists.php3 * Издөөгө ыңгайлуу Кат Таратуу Кызматынын архиви - http://marc.theaimsgroup.com/ * Linux үчүн Googleни колдонуп Интернеттен издеңиз http://www.google.com/linux * Google Groups-ту колдонуп Usenet топторун издеңиз - http://groups.google.com/groups?group=comp ============================================================================