Mandriva Linux ============= ============================================================================ Бул компакт-дисктин мазмуну © 2003-2005 Mandriva S.A. жана башкалардын автордук укуктары менен корголгон. Таратылуу шарттарын ар бир башат коддорунун пакеттериндеги жекече автордук укуктар жөнүндөгү маалыматтардан караңыз. Mandriva-тун автордук укуктары менен корголгон жарактардын таратылуу шарттарын COPYING файлынан караңыз. Mandriva Linux жана анын логотиби Mandriva S.A. соода белгилери болушат. ============================================================================ 1. Каталогдордун түзүлүшү Бул каталог төмөнкүдөй түзүлгөн: |--> media/ | |--> main/ негизги бинардык пакеттер | |--> contrib/ кошумча бинардык пакеттер | `--> media_info/ пакеттердин метаберимдери |--> install/ | |--> extra/ орнотуудагы жарыя сүрөттөрү | |--> images/ жүктөө элестери | `--> stage2/ орнотуунун ramdisk элестери | `--> live/ орнотуу программасынын файлдары |--> isolinux/ isolinux жүктөө элестери |--> doc/ орнотуунун ар тилдеги жардам файлдары |--> dosutils/ DOS үчүн орнотуу жарактары |--> misc/ башат файлдар, орнотуу бутактары |--> VERSION учурдагы чыгарылыштын номуру |--> COPYING автордук укуктар маалыматы |--> INSTALL.txt орнотуу көрсөтмөлөрү `--> README.txt ушул эле файл текст түрүндө Эгерде айрым бөлүмгө же NFS томуна күзгүлөштүрө турган болсоңуз, анда орнотууга тийиштүү "install/" ичиндеги бардык файлдарды алышыңыз зарыл, "media/" ичндеги бардык пакеттерди да, ошондой эле "isolinux/" ичиндеги isolinux элестерин да. ============================================================================ 2. Орнотуу INSTALL.txt файлын караңыз. ШАЙКЕШТИК ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРТҮҮ: Mandriva Linux Pentium классындагы (Pentium(tm) жана ага шайкеш, AMD Athlon, Pentium 4...) процессорлордун ылдамдыгына ыңгайлаштырылып жасалган, ошондуктан ал эски i386 жана i486 негизиндеги компүтерлерде ИШТЕБЕЙТ. ============================================================================ 3. Башат коддору Mandriva Linuxтин айрым өзгөчө пакеттери алардын башат коддору менен source-CDсинде берилет (PowerPack Edition). Башат коддорунун баарын биздин ФТП-серверлерден жүктөп алсаңыз болот. Интернетке ыңгайлуу байланышыңыз жок болсо, анда Mandriva чоң эмес төлөм үчүн башат коддорунун архивин салып жибериши мүмкүн. ============================================================================ 4. Колдоо Интернетке туташыңыз бар болсо, караңыз: * http://www.mandriva.com/support Аны менен катар, кат таратуу кызматынын тизмесин бул жерден табасыз: * http://www.mandrivalinux.com/en/flists.php3 Веб-барактарын кароого мүмкүнчүлүгүңүз болбосо, анда да башкы кат таратуу кызматына жазыла аласыз. Жазылуу үчүн sympa@mandrivalinux.com дарегине каттын тулкусуна "subscribe newbie" сабын жазып билдирүү жибериңиз. ============================================================================ Эгерде бул азык менен кошо документацияларын албаган болсоңуз, анда Mandriva Linux PowerPack Edition (бир нече CDнен турган Mandriva Linux + Орнотуу жана Пайдалануу көрсөтмөлөрү + Орнотууну колдоо!) пакетин биздин онлайн дүкөндөн буюртуп алсаңыз болот: * http://www.mandrivastore.com/ ============================================================================ 5. Байланыш Mandriva менен бул жерден байланышсаңыз болот: * http://www.mandriva.com/company/contact